Бүгүн 5-октябрда "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтүп жатат.
Учурда көрүүчүлөрдүн баары атайын жарык билериктерди тагынып, иш-чаранын көркүн ачууда. Билериктер бир убакта күйүп, аренада өзгөчө атмосфера жаратууда.
Жарыктардын түрдүү түскө өзгөрүшү көрүүчүлөрдүн маанайын дагы да көтөрүп, "Бишкек Аренаны" кооз көрүнүшкө бөлөдү.