Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы №5 жалпы билим берүү мектебине 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үч кабаттуу кошумча корпус мектепке 61 жылдан кийин салынган. Ал 375 окуучуга ылайыкталып, эки нөөмөттө иштеген учурда 700гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.
Жаңы имаратта окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттерине заманбап шарттар түзүлгөн. Ошондой эле медициналык кабинеттер каралган.
Имаратка 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулуп, заманбап инженердик чечимдер колдонулган.
Мектептин жаңы корпусунун курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Манас шаарында жалпысынан 6 жаңы мектеп курулган.