Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда жаңы курулган “Бишкек Арена” спорттук-оюн-зоок комплексинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, өлкөдө аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу айтты.
Мамлекет башчысынын айтымында, анын командасы бийликке келгенине туура алты жыл болду.
“Алты жыл ичинде экономикалык, ички жана тышкы саясат жагынан оор абалга кептелген өлкөнү оңдоп кеттик. Ушул убакыт аралыгында 1075 имарат курдук. Алардын бири – “Бишкек Арена”, - деди Жапаров.
Президент мындан тышкары өлкөдө 521 завод-фабрика курулганын белгилеп, Кыргызстан 2021-жылды 187 миллиард сом таза киреше менен жапканын кошумчалады.
Ошондой эле мамлекет башчы социалдык объектилерди куруу боюнча пландарга токтолду. Анын айтымында, 2027-жылдын ичинде 111 мектеп жана 44 райондук оорукана курулуп бүтүшү пландалууда.
“2028-жылы Кыргызстанда социалдык объектилер боюнча көйгөй болбойт. Буюрса, ушундай стадиондон дагы онду куруп, миңдеген спутниктерди учурабыз”, - деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Жапаров сахнага Эминемдин "Lose Yourself" ырынын коштоосунда чыгып, сөз сүйлөдү.