Биз социалдык тармакта

"Бишкек Аренада" коомдук коопсуздук камсыздалууда

Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте "Бишкек Арена" спорт комплексинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун жана келген коноктордун коопсуздугун камсыз кылууда.

Мындан тышкары, борбор калаадагы видеокөзөмөл камералары аркылуу жол кырдаалы жана коомдук тартип көзөмөлдөнүп жатат. Ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүлүп, мыйзам бузуу катталган учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

ИИМ иш-чарага келген жарандарды коомдук тартипти сактоого, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырды. Айдоочулардан болсо жол эрежелерин сактап, жөнгө салуучулардын талаптарына баш ийүү суралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан