Социалдык тармактарда мугалимдерге ата-энелер жөнөткөн үн билдирүүлөрү тартылган тамашалуу видео тарады. Андан ар бир ата-эне баласын биринчи партага отургузуп коюуну өтүнгөнү угулат.
"Баламды биринчи партага отургузуп коюңузчу", "көзү жакшы көрбөйт", "сабакты жакшы угушу керек" деген сыяктуу өтүнүчтөр арбын.
Жыйынтыгында мугалим баарынын өтүнүчүн аткарууга аракет кылып, окуучуларды биринчи партага бир катар кылып отургузуп койгон.