Биз социалдык тармакта

"Эмне кыйкырып жатасыз?!" Эрулан Кокулов Балыкчыда ишкана директору менен урушту

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын "Жашылдандыруу чарбасы" ишканасынын директору Кубан Самидинов менен уруша кетти.

Эл өкүлү январь айында ачылган крематорийди жеринен текшерүүгө барган. Ал мунун себебин жарандардан жаныбарлардын калдыктарын өрттөөчү жай иштебей жатканы тууралуу даттануулар түшкөнү менен түшүндүрдү. Депутат алгач муниципалдык ишкананын имаратына барып, Самидинов менен жолуккан.

"Иштебей турат!",- деген Кокуловдун сөзүнө териккен директор өктөм үн менен "иштеп эле жатат" деп жооп берди.

Кокулов: "Сиз мага эмне кыйкырып жатасыз?!".

Самидинов: "Сиз анда мага эмне кыйкырып жатасыз?!".

Депутат ага мамлекеттик кызматкер экенин эстетип, этиканы сактоого чакырды. Деген менен экөөнүн ортосунда кайым айтышуу токтогон жок. Ошентип, эл өкүлү менен Самидинов крематорийдин аймагына барышты.

Калдыктарды көрсөткөн Кокулов "бул эмне?" деп суроо салды. Самидинов калдыктар жаңы экенин айтты. Мындан улам кайым айтышуу кайра уланды. Кокулов эл өкүлү катары текшерүүгө суроо берүүгө укугу бар экенин айтып, аны мамлекеттик кызматкердин этикасын бузууга айыптаса, Самидинов депутатты басым жасоого жана чагымчылдыкка күнөөлөдү.

"Эмне кыйкырып жатасыз?!" Эрулан Кокулов Балыкчыда ишкана директору менен урушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан