Биз социалдык тармакта

Казакстандын Коргоо министрлигинде 13 кылмыш иши козголду

Казакстандын Коргоо министрлигин текшерүүнүн биринчи этабынын жыйынтыгында 13 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, текшерүү сентябрдын аягында Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда 14 аскер кызматкери каза болгондон кийин башталган.Комиссиянын жыйынтыгында аскердик машыгууларды даярдоодо жана өткөрүүдө олуттуу кемчиликтер болгону аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик мүлктү уурдоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүү фактылары боюнча мыйзам бузуулар табылган. Бул фактылар боюнча 13 кылмыш иши козголгон.

Каспий деңизиндеги кырсык боюнча өзүнчө тергөө уланууда. Текшерүүдө машыгууну уюштурууда, коопсуздукту камсыз кылууда жана тобокелдиктерди баалоодо кемчиликтер кеткени аныкталган. Бул иштин алкагында 5 кызмат адамы камакка алынган.

Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизинде окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурунда күтүүсүз бороон жана катуу шамалдан улам 17 аскер кызматкери деңизге агып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 14 аскер каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан