Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде жол чырактын жашыл жарыгы айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөргө 5 секунддан гана жанып жатат. Тийиштүү видео социалдык тармактарда тарады.
Убакыттын аздыгынан жөө жүргүнчүлөр жолдун аркы өйүзүнө өтүүгө жетишпей, унаалар топтолуп, тыгын жаралган. Видеотасмага караганда, жол чырак Жибек жолу кең көчөсүндө жайгашкан.