Үй ээсин бычактап, аялы менен баласын коркутуп акча талап кылгандар кармалды

Үй ээсин бычактап, аялы менен баласын коркутуп акча талап кылышкан кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-февралда билдирди.

Ушул жылдын 30-январында Аламүдүн айылындагы үйлөрдүн бирине бет капчан 5 адам кирип, үй ээсин бычактап, аялы менен баласынан акча талап кылышкан. Үй ээсинин аялы 5 миң сом берген. Бирок кылмышкерлер ага болбой “балаңды өлтүрөбүз” дешип, дагы акча талап кылышкан. Апасы болгон баалуу буюмдарын берет. Андан соң каракчылар үйдү аңтарышып, акча таппаган соң качып кетишкен.

Окуядан 34 жаштагы үй ээси жабыркап, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.    

Кылмышка шектүүлөр 5 жаран. Алардын айтымында, спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, акча жетпей калганда ушундай жолго барышкан.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (карачылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Үй ээсин бычак менен сайып, аялы жана баласын коркутуп акча талап кылган кылмышка шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
alooke
2014-02-04 12:38:03
Мындай айбандардан арылуунун 2 гана жолу бар. Биринчиси - баланы жаштайынан адамча тарбиялоо (үйдө жана мектепте). Экинчиси - жазаны күчөтүү жана сот акелердин калыс иштеши. Кылмыштын бетин ачкандан көрө алдын алсак... Булар айдан түшкөн жок. бирөөбүздүн инибиз, жээнибиз, таякебиз, коңшубуз... Качан темирдей тартип орногон заман келет Кыргызстанга?!
+1
bek-rusu
2014-02-04 12:39:15
Кыска ойго барышканда, акмактар.
0
Aselina_kg
2014-02-04 12:40:04
Ичимдик ичпей балекет ичкирлер!Жапжаш балдар экен,эртенкисин ойлобойбу??!!
0
anilorak
2014-02-04 12:42:04
Кудайым ар бир пендеге ыйман-ынсап бере гор.Жап жаш балдар экен,ошондон коро адал эмгек кылып иштебейсинерби.
0
Egen.Osh
2014-02-04 12:46:00
Заман эмне болуп баратат,кундо эле бироону бычактап кетти,тоноп кетти,зордуктап кетти,атып кетти деп эле.Адамдар эч нерседен коркпой зоокур болуп калган го!!!
0
emin
2014-02-04 19:07:59
Egen.Osh, Заман эмес, адамдардын пейили эмне болуп баратат?Мындай зоокурлорду элдин алдына алып чыгып, балта менен колун чабыш керек.Биздикилер жазалагандын ордуна акчасын алып ишти жаап койушат.
0
Egen.Osh
2014-02-04 12:53:27
Жаш эле балдар экен,бирок катуу чара колдонуш керек буларга,корунушунон эч жерде иштебеген бекерчилер корунот.Жазасын женил берсе,дагы коп жаман нерселерди кылат бул жигиттер...
0
inoplanetyanin
2014-02-04 12:53:49
myrktar!!! Stalin aitkandai, net vremeni obyasnit', rasstrelyat' ih!
0
Xamer
2014-02-04 13:06:30
Жашоо жаман деп олтура беришет алма быш оозуна туш деп, анан ушундай жолдорго барат, ар бир адам оз жашоосун жакшыртканга кучу жетет, жалкоолук менен арактан кутулса.
+1
aikow92
2014-02-04 13:10:28
Кебетеси келишип турушканын. ичтим масмын. сайдым. соороттум. кочодон кочо гезген, ата-энеден безген акмактар. Тарбиясы жок шүмшүк гана мындай ишке барат!!!
0
omko
2014-02-04 13:13:14
жашоо жакшы бирок адамдар жашашты билбей жатабыз!
0
aiba91kg
2014-02-04 14:58:42
олуп эле албайсынарбы ушундан коро?
0
emin
2014-02-04 18:58:35
Заман эмне болуп баратат дешет,заман бузулбай эле адамдардын пейили бузулуп жатат.Арактын айынан болду деп эле ишти жаап койушат,бизде закон жок.
0
Jamish
2014-02-04 21:13:29
Олум жазасын киргизиш керек, тез арада.
0
Mirlan5
2014-02-04 22:39:56
Кичине баласы аялын козунчо бул ишке кантип барды. Булар эркек деген атка татыбайт. Кантип шым кийип журот бул... КЫРГЫЗДЫН эркектерин ушуларга окшогон чоолор уят кылышып жатат. Соз жок бул мырктарга.
+1
Sharipa-asia
2014-02-05 00:32:12
Ой уятсыздар.Кырчындай курагында иштебей ушинтип журушобу акмактар.Камап омурун турмодо откоруш керек да, чыгарып жиберсе дагеле ушул кылыкты жасай беришет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан