АКШ Тажикстандын Улуттук гвардиясына чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы баасы 2,3 миллион доллар болгон алты учкучсуз учак тапшырды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, жабдуулар 2-октябрда өткөрүлүп берилди. АКШ элчилигинин маалыматына караганда, дрондор терроризмге каршы операцияларды колдоо жана чек ара аймактарын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө үчүн колдонулат.
АКШ 1992-жылдан бери Тажикстанга коопсуздук тармагында 600 миллион доллардан ашык жардам көрсөткөн.