Бүгүн, 6-октябрда саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Монголиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту.
Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттары жана биргелешкен медициналык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн саламаттык сактоо системаларында окшош көйгөйлөр бар экенин белгилешти. Алардын арасында жугуштуу эмес оорулардын көп кездешүүсү жана алыскы аймактардын жашоочуларына медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселеси бар.
Мындан тышкары, оорулардын алдын алуу, саламаттык сактоо системасын санариптештирүү жана телемедицинаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушууда балдар кардиохирургиясы жана трансплантология багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да каралды.