Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагында социалдык коргоо жумалыгына катышууда 

Филиппиндин Манила шаарында “Азия-Тынч океан аймагындагы социалдык коргоо жумалыгы – 2026” (Asia-Pacific Social Protection Week-2026) эл аралык иш-чарасы өтүүдө.
Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, жеке сектордун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.
Агартуу министрлиги 6-октябрда билдиргендей, быйылкы иш-чарада социалдык коргоо системдеринин туруктуулугу, адамдык капиталды өнүктүрүү, азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугу боюнча өлкөлөрдүн тажрыйбалары талкууланууда.
Кыргызстандан иш-чарага Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси, мектептик тамактануу коалициясынын улуттук координатору Мирбек Рахматилдеев, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Кожиро Накай жана мектептик тамактануу боюнча программалык саясат боюнча адиси Аида Афтандилова катышууда.
Өлкөдө 2027-жылдын 1-январынан тартып 1-4-класстардын окуучуларынын мектептик тамактануусун каржылоо ченеми бир окуучуга күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин жогорулатылат. Бул чечим мектептик тамактануунун сапатын жана ар түрдүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган.
Иш-чара 8-октябрга чейин уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан