
Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты
Болотбек Борбиев Токтогул районунун Үч-Терек, Иманалиев, Сүйөркулов жана Кетмен-Төбө айыл аймактарындагы социалдык объекттердин жана жолдордун курулуш иштери менен таанышып чыкты.
Эл өкүлү ал жерде жумуштарды сапаттуу жасап, өз убагынан кечиктирбей бүткөрүү зарылдыгын билдирди.
Ошондой эле депутат мугалимдердин кесиптик майрамына карата Токтогул районунун агартуу тармагында эмгектенген кызматкерлерине Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каттарды тапшырды.