Белгилүү өзбекстандык актёр Улугбек Кадыров менен актриса Динара Багышбаева "Фатима жана Зухра" тасмасындагы элге таанымал болгон эпизодду кайрадан тартышты. Мындай видеону Багышбаева соцтармактагы баракчасына жүктөгөн.
Учурда Кадыров Кыргызстанда комедиялык тасмада роль жаратып жатат.
Белгилей кетсек, "Фатима жана Зухра" тасмасы 2005-жылы Өзбекстанда тартылган. Улугбек Кадыров тасмадагы башкы ролдордун бирин аткарып, көпчүлүккө ушул тасма аркылуу таанылган.