Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев кийинки аптадагы парламенттин жыйынына курулуш министрин чакырууну сунуштады.
Эл өкүлү бүгүн, 7-октябрдагы парламенттин отурумунда министрдин аймактарда курулуп жаткан мектеп, ооруканалар боюнча отчёт берүүсүн талап кылды.
"Ысык-Көлдө салынып жаткан ооруканалардын курулуш иштери токтоп калды. Мектеп, бала бакчаларга дагы акчалар бөлүнбөй жатат. Министр өзү орун басарлары менен келсин",- деди ал.