Орусиянын Иркутск шаарында кара тумоо катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Орусия бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна билдиргенин чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Ага караганда, кара тумоо институтунда иштеген 28 жаштагы лаборанттын өлүмүнөн кийин аны менен байланышта болгондор медициналык көзөмөлгө алынды. Алардын эч биринде оорунун белгилери аныкталган эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин кара тумоо тууралуу маалыматтардан улам Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Орусия менен чек арадагы санитардык көзөмөлдү күчөткөн. Ошондой эле президент Трамп Орусияга жардам берүүгө даяр экенин билдирген.