Биз социалдык тармакта

ТМУнун юстиция министрлери Стамбулда чогулушту 

Стамбулда 7-октрябрда Түрк мамлекеттери уюмунун юстиция министрлеринин 3-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ТМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга беш мамлекеттин юстиция министрлери жана ТМУнун жетекчиси катышты.

Катышуучулар ТМУнун юстиция министрлеринин 1-жана 2-отурумундарынын жыйынтыктарын, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле алар юстиция тармагындагы өз ара аракеттенүүнү андан ары чыңдоо жана тийиштүү мекемелердин ортосундагы координацияны күчөтүү зарылдыгын баса белгилешти.

Жолугушуунун соңунда юстиция тармагындагы байланыштарды чыңдоо багыттарын аныктаган биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Мындан сырткары, катышуучулар ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевге уюмду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. Түрк мамлекеттеринин уюмунун юстиция министрлеринин кезектеги 4-жыйыны 2027-жылы Кыргызстанда өтмөй болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан