Бишкекте коомдук унааны оптималдаштыруунун алкагында №40 автобус каттамы №40 жана №44 болуп экиге бөлүндү.
Мэриядан билдиргендей, бул өзгөрүү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүп, автобустарды күтүү убактысын кыскартууга жана каттамдардын ылдамдыгын жогорулатууга багытталган.
Жаңы схемага ылайык, каттамдардын жүрүү багыттары жана аялдамалары такталды.