"Мушташасыңбы?" Ошто унаа башкарып бара жаткан мас айдоочу аныкталды (видео)
Ош шаарында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан мас абалында унаа башкарып жүргөн айдоочу аныкталып, кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын Кайгуул кызматы билдирип, видео бөлүштү.
Анда мыйзам бузган жаран жол тескөөчүлөрүнө баш ийбей, тартип бузуп жатканын көрүүгө болот. Айдоочуга мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү. Анын мас экендиги аныкталып, протокол түзүлдү.
Айдоочуга 80 миң сом айып салынышы мүмкүн.
"Мушташасыңбы?" Ошто унаа башкарып бара жаткан мас айдоочу аныкталды