Биз социалдык тармакта

Москвада мекендешин уурдоого шектелип үч кыргызстандык кармалды (видео)

Орусиянын Москва шаарында топтошкон адамдар унаанын багажына күч колдонуу менен башка жигитти салып кетип жатканы тартылган видео интернет желесине тарады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуянын катышуучуларынын баары кыргызстандыктар экендиги боюнча маалымат берип, окуя 5-октябрда катталганан билдирди.

Маалым болгондой, окуя боюнча үч шектүү Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Жабырлануучу да Кыргызстандын жараны. Учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Кыргызстандын элчилиги жана ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тергөө органдары менен байланышта.

Москвада мекендешин уурдоого шектелип үч кыргызстандык кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан