Эртең, 9-октябрда Жерди магниттик бороон капташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Күн астрономиясы лабораториясы маалымдаганын чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Адистердин болжолуна ылайык, геомагниттик өзгөрүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дө башталып, 21:00гө чейин созулушу мүмкүн. Бороондун деңгээли G1-G2 чегинде болору күтүлүүдө.
Ошондой эле магниттик бороон спутниктик навигация жана радиобайланыш системдерине убактылуу таасир этиши мүмкүн экени айтылды.