Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго "Орусиянын ардактуу архитектору" төш белгиси ыйгарылганын Орусия басылмалары жазышты.
Маалыматтарга караганда, сыйлыкты Кадыровго кечээ, 7-октябрда вице-премьер-министр Марат Хуснуллин Владимир Путин районундагы Ахмат-Хаджи Кадыров бульварынын ачылышында тапшырган. Хуснуллин Кадыровду райондун башкы архитектору деп атаган.