Министрлер кабинети 2026-2028-жылдарга карата жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмектерин бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ калктын медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.
Аталган токтомду ишке ашыруу Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлдү.