
Жалал-Абад облусунда Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу 8-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган жолдо жалпы инженердик курулмалар, анын ичинде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады.
"Бул жол аркылуу Ала-Бука, Сары-Челек, Кош-Дөбө тарапка каттаган унаалар Кербен шаарына кирбей, айланып өтө алышат. Натыйжада шаар ичиндеги транспорт агымы азаят",- деп белгиленет маалыматта.