Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга каршы жаңы аскердик операцияларды карап жаткандыгы айтылды

АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын улуттук коопсуздук боюнча командасы Иранга каршы масштабдуу аскердик операцияларды кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу NBC телеканалы өз булактарына таянып бүгүн, 8-октябрда жазып чыкты.

Маалыматка караганда, талкуу өткөн аптада Кэмп-Дэвидде өткөн жыйында болгон. Анда АКШнын Иранга жана Йемендеги хуситтерге карата мындан аркы стратегиясы каралган.

Жыйындан кийин америкалык аскерлер Трампка мүмкүн болуучу операциялардын жаңы варианттарын даярдашкан. Бирок азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.

NBC'нин маалыматына ылайык, АКШнын Иранга каршы жаңы аскердик аракеттери жакынкы жумаларда, анын ичинде 3-ноябрда өтө турган Конгресске шайлоого чейин башталышы мүмкүн.

Ак үйдүн өкүлү кырдаал “жеңил же оор жол менен” өнүгүшү мүмкүн экенин айтып, президент Трамп АКШнын кызыкчылыгына ылайык чечим кабыл аларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан