Аваза шаарында бүгүн, 8-октябрда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Анда соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар эки жактуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берип, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.