Бишкекте 52 жаштагы жаран жаш жигитти урууга шектелип кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 6-октябрда Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал эки жаш жигиттин бирин бетке чапкан.
Аталган жаранга карата Укук бузуулар кодексинин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.