Биз социалдык тармакта

УКМК бюджетке зыян келтирген бажычыны кармады

Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын 31 жаштагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекттик комитети бүгүн, 9-октябрда билдирди.

Атайын кызмат ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип жатканын белгиледи. Тагыраагы, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу кара металл деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөргөн.

Мындан тышкары, жүктү бажылык тариздөө учурунда тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын туура эмес коду колдонулган. Натыйжада, бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй калып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан