Биз социалдык тармакта

Министр Акунбеков келерки жылы Бишкекте Глобалдык тоо саммити өтөрүн билдирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 8-октябрда Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү.

Анда Акунбеков климаттык туруктуулук жана жаратылышты коргоо улуттук өнүктүрүү саясатынын бир бөлүгү экенин айтты.

“Кыргызстандын тоолуу өлкө макамы өзгөчө мааниге ээ. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстан тоолуу аймактарга байланыштуу эл аралык күн тартибин ырааттуу түрдө алга жылдырып келе жатат. БУУнун Башкы ассамблеясы 2023–2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялаган. Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт. Тоолуу өлкөлөрдүн үнү салмактуу болуп, конкреттүү сунуштар менен коштолушу биз үчүн маанилүү.

Кыргызстан климат, мөңгүлөр, суу, биологиялык ар түрдүүлүк, азык-түлүк коопсуздугу жана туруктуу өнүгүү маселелерин тоолуу аймактарга байланыштуу күн тартибинин алкагында айкалыштыра алат”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан