Биз социалдык тармакта

"Бир кичи автобуста 80 окуучу". Ысык-Көлдө ата-энелер балдары үчүн тынчсызданышууда

Фейсбук колдонуучусу Нурбек Саяк президент Садыр Жапаровго кайрылып, Ысык-Көлдүн Кызыл-Өрүк айылынын окуучулары коомдук транспортко муктаж болуп жатканын айтты.

Айтымында, окуучулар Кызыл-Өрүк айылынан Тору-Айгыр айылына окууга барышат.

"Бир кичи автобуста сексен окуучу бала. Кудайым кырсыктан сактасын, бирок жаман айтпай жакшы жок. Кичи автобуска батпай жүк салуучу жайына чейин отургузуп жатат. Кышында жол тайгак болсо, жаан чачын болсо, элестетип жүрөк түшөт. Унаанын жетишпегендигинен айрым окуучулар кезек менен жумасына бир күн сабактан калышат экен",- деген ал.
Ал бийлик өкүлдөрүнөн маселеге көңүл буруп, чечип берүүнү суранган.
Ысык-Көлдө окуучулар 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан