АКШнын Юстиция министрлиги Венесуэланын мурдагы президенти Николас Мадурого жана анын жубайы Силия Флоренске жаңы айыптоолорду койду. Бул тууралуу америкалык The New York Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта Мадуро анын жубайы Силия Флоренс жана Венесуэланын жогорку аткаминерлери 1999-жылдан 2025-жылга чейин өздөрүнүн бийлигин сактап калуу жана оппозициянын үнүн басуу максатында физикалык жана моралдык кыйноолорду көрсөткөндүгү белгиленди.
Америкалык прокурорлордун айтуусу боюнча, түздөн-түз Мадурого баш ийген венесуэлалык жогорку даражалуу офицерлердин бири кыйноо ыкмаларын иштеп чыгып, аны өлкө башчысы бекитип турган. Дагы бир чиновник Мадуронун бийлигине коркунуч туудурат деп эсептелген адамдарды жана аскер кызматкерлерин кыйноого жеке өзү буйрук берип турган.
Эске салсак, быйыл 3-январда АКШнын аскерлери Венесуэланын президентин кармап, аны жубайы менен бирге Америкага алып барган. Мадурого баңгизат терроризми жана кокаин аткезчилиги боюнча айыптар коюлууда.