Мексиканын Синалоа штатындагы Эль-Кастильо түрмөсүндөгү кагылышуулардан 10 адам каза болуп, 16 адам жаракат алды.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, кечээ, 8-октябрда болгон окуяда 8 соттолуучу жана абакка жолугуу үчүн барган бир адам каза тапкан. Бардык жаракат алгандар ооруканаларга жеткирилген. Бийлик түрмөдө тартипти сактоо үчүн күч түзүмдөрүн жөнөткөн. Штаттын Башкы прокуратурасы окуяны иликтеп жатат.