Биз социалдык тармакта

Жолугушууга чакырып... Астанада кыз өңдөнүп жигиттерди тузакка илгендер соттолушту

Астанада Telegram мессенжери аркылуу аялдардын аккаунттары менен жигиттерди тузакка түшүрүп келген үч эркек киши 7-8 жылдан соттолушту. Казакстандын борбор калаасынын прокуратурасы бүгүн, 9-октябрда аларга чыккан соттун өкүмү күчүнө киргенин билдирди.

Шектүүлөр жигиттер менен аял киши болуп таанышып, жолугушууларга чакырышкан. Алардын тузагына үч адам түшкөн. Соттолуучулар жолугушууга келген жабырлануучуларды сабап, шаар сыртына алып чыгып коркутушкан. Жабырлануучулардын бири унаасын тарттырып жиберсе, бири кредит алып берүүгө мажбур болгон. Дагы бири акчасын алдырып жиберген.

Прокуратура тергөө кызыкчылыгы үчүн окуя так качан жана кайсы жерде болгонун коомчулукка ачыктаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан