Бүгүн, 9-октябрда Өзбекстандын Андижан облусундагы "Достук" чек ара бажы постунан 64 миң доллар сумманы мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн бажы кызматы билдиргенини жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Кыргызстанда жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган жашыл коридор аркылуу багыт алган жаран жеке текшерүүгө токтотулган. Текшерүү учурунда анын байпагынан 64 миң доллар табылды.
Акча каражаттары алынып, шектүү убактылуу кармоочу бөлүмгө киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.