Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу Александр Мищенко бутунан жаракат алды. Бул тууралуу 9-октябрда Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Анда айтылгандай, спортчу кечээ, 8-октябрда Жогорку Лига алкагындагы "Дордой" менен "Өзгөн" клубдарынын ортосундагы беттеште жаракат алган.
Мекеме оюнчунун калыбына келүү мөөнөтү азырынча аныктала электигин кошумчалады.
Буга удаа Мищенко социалдык тармактагы баракчасында оюнда жаракат алганын тастыктап, колдоо көрсөткөн жакындарына жана күйөрмандарына ыраазычылык билдирген.