Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги талкууланды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 9-октябрда шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланган.
"Талкуунун жыйынтыгында мындан аркы иш-аракеттердин жол картасын иштеп чыгуу жана келечектүү транспорттук долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо маселесин карап чыгуу сунушталды. Франция тарап бул ишти каржылык жактан колдоого даяр экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.