Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Эски аянтында Чүй облусунун 100 жылдыгына карата улуттар аралык жарманке өтүүдө.
Анда облуста жашаган ар улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын, кийимдерин жана маданий баалуулуктарын тааныштырышууда. Иш-чарада музыканттардын жана бийчилердин өнөрү тартууланып, улуттардын маданияты даңазаланууда.