Аламүдүн районунда жасалма телефонду алдамчылык менен сатууга шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-октябрда андан iPhone 17 Pro Max сатып алган жаран телефон жасалма экенин билип калып, милицияга кайрылган. Жабырлануучу 50 миң сом чыгымга учураган. Телефондун IMEI кодун текшерүүдө акылдуу сааттын маалыматтары көрсөтүлүп турганы аныкталган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөдө ушул сыяктуу алдамчылык иштер аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.