Италиянын Сицилия аралынын батыш жээгинде сейрек кездешүүчү кош куюн болду.
Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, кечээ, 9-октябрда болгон чоң кош куюндар Марсала жана Петросино шаарларынын айланасындагы аймактарды жабыркаткан. 11 адам, анын ичинде төрт жаш бала жабыркаган. Күчтүү куюн мектептерде сабак өтүп жаткан маалда болгон. Мындан улам окуучулар эвакуацияланган. Бир катар үйлөрдүн чатыры, имараттардын терезелери жабыр тарткан.