8-февраль күнү Бишкектеги Орусиянын илим жана маданият борборунда КРнын Эл жазуучусу Казат Акматовдун чыгармачылык кечеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөлөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кеченин алкагында ал Бишкектеги жазуучулар, сынчылар, филология факультетинин студенттери жана өзүнүн жалпы окурмандары менен жолугат. Андан тышкары “Архат” чыгармасынын жаратуучусу бул күнү орус тилинде жазган жазуучуларга мастер-класс да өтөт. Кече 11:00дө башталат.