Быйыл өлкө боюнча электр энергияны керектөөнүн көлөмү 19,6 миллиард кВтс болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу кечээ, 9-октябрда Министрлер кабинетинин күз, кыш мезгилдерине даярдыгы боюнча жыйында айтылды.
Маалымдалгандай, өлкө өзү 15,5 миллирад кВтс иштеп чыгарат. Калган бөлүгүн, суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында импорттойт.