Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Чүйдү өлкөнүн локомотиви деп атады

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдык мааракесинде аймакты өлкөнүн локомотиви деп атады.

"Бүгүнкү күндө Чүй облусу Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеген, мамлекеттүүлүктүн жана административдик-аймактык башкаруу системинин калыптанышында чечүүчү роль ойногон стратегиялык маанидеги аймак болуп саналат.

Облустун индустриалдык-агрардык потенциалы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана инфратүзүмдүк тармактарды өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт. Муну менен дээрлик бардык тармак боюнча мамлекетибиздин локомотиви десек жаңылышпайбыз.

Анын бир эле мисалы, берекелүү Чүй өрөөнү быйыл өлкө боюнча жалпы өндүрүштүн басымдуу үлүшүн берди. Ошого жаараша регионду өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат", - деп билдирди куттуктоо сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан