Улуу Британиядагы Йоркшир зоопаркында бир киши жолборстун таландысында калып каза тапты.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, окуя кечээ, 10-октябрда болгон. Анда маркум киши тордон секирип өтүп, жолборс багылган жайга кирип барган. Жырткыч дароо ага кол салган. Куткаруучу топ аны куткара албай калган. Жаран алган жарааттарынан улам каза болгон.