Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата төкмө акындардын эл аралык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматта айтыш 9-октябрь күнү Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чоң залында болгону айтылат. Ага Кыргызстандан 12, Казакстандан 2 акын катышкан. Байге ээлери:
- Баш байге - Мамбеттокто Мамбеторозо уулу (1 миллион сом).
- I орун - Асылбек Маратов (200 миң сом).
- II орун - Жылдызбек Төрөканов (150 миң сом).
- III орун - Нурмат Мансур (100 миң сом).