Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров чек ара чечилгени менен, айрым маселелер калганын айтты

Бүгүн, 11-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Баткендин Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын калкы менен жолугушуу өткөрүп, чек ара маселесине токтолду.

Анда мамлекет башчысы айрым маселелерди атайын түзүлгөн комиссия карай турганын белгиледи.

Садыр Жапаров мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштери да аяктаганын баса белгиледи:
"
Эми айрым маселелер гана калды. Алардын катарына чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөргө, чек ара тосмолорун орнотуу учурунда бузулган объектилер үчүн кенемте берүү, ошондой эле чек араны тактоо процессинде коңшу мамлекет өткөрүп берген үйлөрдү бөлүштүрүү маселелери кирет. Бул маселелер министрлер кабинетинин төрагасы жетектеген комиссиянын кароосуна берилет", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан