"Манас" улуттук академиясы "Манас" эпосун тармактарга таанытуу" долбоорун Коргоо министрлигинен башталганын билдирди.
Маалымдалгандай, аталган долбоор өлкөдөгү бардык министрликтердин жана агенттиктердин кызматкерлерине тааныштырылмакчы. Коргоо министрлигиндеги иш-чарага министрдин орун басары Алмазбек Кулмурзаев жана министрликтин бөлүмдөрүнүн башчылары катышышкан.
"Долбоор мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин улуу эпостун мазмуну жана андагы баалуулуктар менен тааныштырууга багытталган. Иш-чараларда академия даярдаган санариптик музейлер жана даректүү тасмалар көрсөтүлүп, ар бир мекеменин иш багытына байланышкан эпостогу темалар боюнча атайын презентациялар сунушталат", - деп айтылат анда.