Соцтармактарда Мээрим жана Сезим Жуманазаровалардан тарак менен маек алган кичинекей кыздын видеосу тарап, элдин купулуна толду.
Көпчүлүгү кичинекей кыздын аракетин алкоого алышса, айрымдары "дүйнө чемпиондорун тарак менен сүйлөтүп коюш да кыйын" деген сыяктуу тамашалуу пикирлерди калтырышкан.
Видео тасма спорт залдардын биринде тартылган. Анда кичинекей кыз белгилүү балбандардан машыгып жаткан спортчулар "жеңишке жетишеби?" деген суроо узаткан.