УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетов 9-ноябрга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматта райондук соттун чечими кечээ, 10-октябрда чыкканы айтылат. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып тагылганы кошумчаланды.
Буга чейин Башкы прокуратура алар ишкерден ири көлөмдө пара алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалышканын билдирген.