Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирген Тоң РИИБинин башчысынын орун басарынын жубайынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырат.
Анын айтымында, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо ар дайым көңүл борборунда болуп, зомбулук боюнча кайрылган аялга эч кандай кысым көрсөтүлбөшү керек.
"Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү күчөтүлүп жаткан учурда укук коргоо органынын кызматкеринин зомбулук көрсөткөнү боюнча даттануу түшүп, ал болсо коргоо ордерин бузганы тууралуу маалыматтын пайда болушу ачуулантпай койбойт. Жарандарды коргоо милдети болуп саналган адамдын үйүндө кооптуу болсо, анда аялдардын жана балдардын укуктарын коргоонун натыйжалуулугу жөнүндө кантип сөз кылууга болот?",- деп белгиледи Жаманбаева.
Акыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган милиция кызматкерине байланыштуу ИИМдин жетекчилигин чара көрүүгө чакырды. Ал шектүүнүн кызматтык абалы жабырлануучуга кысым көрсөтүү жана жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонулбашы керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, 26 жаштагы милиция кызматкеринин жубайы үч жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин айтып, күйөөсүнүн кызматтык форма менен түшкөн адепсиз сүрөтүн жарыялаган. Облустук милиция 9-октябрда маалымат берип, ички иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирди.