Биз социалдык тармакта

Польшада 20 миңге жакын милиция кызматкери мектептерди өз көзөмөлүнө алышты. Себеби

Польшада мектептерге кол салууну көздөп жүргөн 13 жаштан 19 жашка чейинки 117 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министр Дональд Туск жарыялаганын чет элдик басылмалар билдиришүүдө.

Маалым болгондой, кармалгандар өмүргө коркунуч туудурган буюмдарды сактап жүрүшкөн жана алардын жүрүм-туруму тынчсыздандырган.

Польшанын ички иштер жана администрация министри Марчин Кервинский кармалгандардын иштери прокуратурага жөнөтүлүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле бүгүн, 12-октябрдан баштап 20 миңге чейин милиция кызматкерлери билим берүү мекемемелерин кайтара баштайт.

Мындай чаралар 10-октябрда 21 жаштагы кыз Варшавадагы мектептин жанында үч өспүрүмгө кол салып, жарадар кылгандан кийин күчөтүлдү. Буга чейин эки мектепте өспүрүмдөрдүн кол салуулары бир адамдын өмүрүн алып, 10дон ашык адамды жарадар кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан